Abank
SerepTV Logo

29-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

29-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 29-апрелде өлкө аймактарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30, Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20, Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…22, Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +26…+28 градус болот.