Abank
SerepTV Logo

"28-январда митинг". Атамбаевдин уулу чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

"28-январда митинг". Атамбаевдин уулу чагымчылдыкка алдырбоого чакырды
Учурда социалдык тармактарда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн колдонуу менен "28-январда митинг. Акыркы революция" деп таратып жатышат. Мурдагы өлкө башчысынын уулу, депутат Сеид Атамбаев соцтармактагы баракчасына чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. "Урматтуу достор! Акыркы күндөру атайын провокацияга түрткөн жана жаштарды саясий кызыкчылыкка колдонуу максатында видео, посттор жарыяланып жатат. Официалдуу түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт. Провокацияга алдырбагыла туугандар! Мындай маалыматтарды биздин ички же сыртта жүргөн душмандар кана уюштурушу мүмкүн. Биздин мамлекетибизге туруктуулук керек. Баарыңыздарды ынтымакка чакырам", - деп жазды ал. https://serep.kg/wp-content/uploads/2024/01/photo_5260207857033399779_y.jpg" alt="" width="843" height="950" />