Royal
SerepTV Logo

28-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 28-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14 Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16 градус жылыйт. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8 , күндүз +20…+22 градус болот.