Abank
SerepTV Logo

28-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 28-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +29…+34, Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27, Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27, Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+25, күндүз +30…+33 градус болот.