Abank
SerepTV Logo

28-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 28-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12, Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13, Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4, Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +9…+11 градус болот.