Abank
SerepTV Logo

28-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

28-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 28-апрелге караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32, Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +11…+13°, күндүзгү температурасы +29…+31° болот.