28-30-июлда өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү күтүлөт
28-30-июль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел-кыян каптоонун алдын алуу максатында үйлөрдүн, чарбактардагы жанындагы арыктарды таза кармаңыздар",- дешти министрликтен.