Abank
SerepTV Logo

27-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-январда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5, Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11. Бишкекте жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз +3…+5 жылуу болушу күтүлөт.