Abank
SerepTV Logo

27-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

27-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 27-октябрга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +5…+10, Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11, Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14. Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +7…+9 градус болот.