Abank
SerepTV Logo

27-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

27-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Эртең, 27-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +10…+15; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15; Нарыноблусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +13…+15 градус болот.