Abank
SerepTV Logo

27-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38, Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32, Нарын облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32, Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+26, күндүз +36…+38 градус болот.