Royal
SerepTV Logo

27-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8, Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.