Abank
SerepTV Logo

27-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

27-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 27-апрелде түнү Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29, Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +21…+26, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…20, Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +25…+27 градус болот.