Royal
SerepTV Logo

27-28-март күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүн

27-28-март күндөрү тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүн

27-28-мартта абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:

- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-107 чакырымында; - Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-113 чакырымында (Чапчыма ашуусу); - Кызыл-Бел - Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымында; - Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-260 чакырымындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.