Royal
SerepTV Logo

26-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
26-январда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5. Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы -1…-3, күндүз 0…-2 болот.