Royal
SerepTV Logo

26-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-сентябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20, Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +8…+10, күндүз +23…+25 жылуу болот.