Abank
SerepTV Logo

26-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

26-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 26-октябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, тоо этектеринде жаан жана кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +5…+10; Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +5…+10; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +6…+11, күндүз +9…+14; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14; Нарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +7…+12; Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.