Royal
SerepTV Logo

26-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-октябрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18, Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +18…+20 градус болот.