Abank
SerepTV Logo

26-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-ноябрга түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8; Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10; Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +0…+5; Бишкекте 26-ноябрда түнкүчүн жаан жаабайт. Күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус болот.