Abank
SerepTV Logo

26-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27, Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18, Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27 градус болот.