Royal
SerepTV Logo

26-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

26-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 26-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облуcунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +32…+37; Талас жергесинде түнкүсүн +14...+19, күндүз +29…+34; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29; Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29; Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +35…+37 градус болот.