Abank
SerepTV Logo

26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-июлга караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39, Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +33…+38, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34, Нарын облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +30…+35, Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +23…+25, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.