Abank
SerepTV Logo

26-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35 Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34 Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35 Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25 Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26 Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы +19…+21, күндүз +33…+35 градус болот.