Abank
SerepTV Logo

26-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 26-апрелде түндө Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24, Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20, Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…19, Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +22…+24 градус болот.