Abank
SerepTV Logo

25-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 25-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Баткен, Жалал-Абад, Чүй облусунун айрым жерлеринде, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жуук катуурак шамал болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +9…+11 жылуу болушу күтүлөт.