Abank
SerepTV Logo

25-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

25-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 25-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32, Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25, Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +21…+26, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус болот.