Abank
SerepTV Logo

25-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 25-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25, Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16, Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +21…+23 градус болот.