Abank
SerepTV Logo

25-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
25-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39, Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +22…+27, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34, Нарын облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +29…+34, Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы +21…+24, күндүзгү жогорку температура +37…+37 градус болот.