Abank
SerepTV Logo

24-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

24-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 24-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31, Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25, Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +21…+26, Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +29…+31 градус болот.