Royal
SerepTV Logo

24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17. Бишкекте 24-октябрга караган түнү жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.