Royal
SerepTV Logo

24-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртен, 24-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланат, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16; Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7; Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8; Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2°, күндүз +13…+15° болот.