Abank
SerepTV Logo

24-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20, Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +12…+17, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +9…+14. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +18…+20 градус болот.