Abank
SerepTV Logo

24-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24, Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17, Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус болот.