24.kg редакциясынын жетекчилери кылмыш ишинде күбө катары суралышты
24.kg редакциясынын башкы директору Асел Оторбаева, шеф-редакторлору Антон Лымарь жана Махинур Ниязова кылмыш ишинде күбө катары суралышты. Бул тууралуу аталган басылмадан маалымдашты.
Алар кечээ, 15-январда УКМКга сурак берип чыгышып, Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тил катына кол коюп бергенин айтышты.
24.kg маалымат агенттигинин редакциясында тинтүү жүрүп" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/24-kg-redakcziyasynda-tintyy-jyryp-jatkany-maalymdaldy/">жүрүп, кийин жетекчилерин унаага салып кетишкен" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/24-kg-redakcziyasyndagy-tintyy-ukmk-jetekchilerin-unaaga-salyp-alyp-ketti/">кетишкен. Көп өтпөй, УКМКдан редакцияга карата "согушту пропагандалоо" боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдашкан" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ukmk-24-kg-redakcziyasyna-karata-sogushtu-propagandaloo-boyuncha-kylmysh-ishi-kozgoldu/">маалымдашкан.