Abank
SerepTV Logo

24-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең,  24-июлда түнкүсүн өлкөнүн аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+38, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +23…+28, күндүз +34…+39, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32, Нарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +21…+23, күндүзгү жогорку температурасы +36…+38 градус болот.