24-апрелден тарта 4 күн Боомдо таш кулатуу иштери жүрөт
24-апрелден 28-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3899-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолунан" билдиришти.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.