24.01.24 кооз датасында өлкөдө 184 түгөй баш кошту
Ушул жылдын биринчи кооз датасында - 24.01.24 республика боюнча 184 түгөй никеге турушту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Борбор калаада 41 түгөй баш кошуп, анын ичинен 14 түгөй Бакыт өргөөсүндө баш кошту. Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 түгөйлөр баш кошту.
2023-жылы республика боюнча 44 миң 776 нике каттаган. 2022-жылга салыштырмалуу нике каттоосу 1430га көбөйгөн. 2024-жылдын январь айында 2838 түгөй никеге турган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="224986,224987,224988,224989"]