23-январга караган түнү Бишкектеги жер титирөө 4-5 баллга жеткен
Эмне үчүн ӨКМ жер титирөөдө эмне кылуу керектигин жер титирегенден кийин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.
"Эмнеге бул иш-чараны өткөрбөйсүздөр?" - деди депутат.
ӨКМ башчысынын орун басары Азамат Мамбетов байма-бай окутуулар өткөрүлүп турарын билдирди. "Эл эшикке чыга качты. Демек коопсуздук маданият бар экенин баамдадык", - деди ал.
"Жер титирөөнү алдын ала айтуу методикасы жок. Очогунда 7,1 балл болду. Караколдо 5 балл, Бишкекте 4-5 баллга жетти", - деди министрдин орун басары.
Кечээ, 23-январда Сейсмология институту жер титирөө Бишкек шаарында 4 баллга жеткенин билдирген.