Royal
SerepTV Logo

23-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16, Нарында түнкүсүн үшүк түшөт, +1…+6, күндүз +11…+16. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21.