Abank
SerepTV Logo

23-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы ыктымал. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14; Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12; Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8; Бишкекте 23-ноябрда жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +12…+14 градус болот.