Abank
SerepTV Logo

23-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-мартта Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23, Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15, Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан болуп, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +17…+19 градус болот.