Abank
SerepTV Logo

23-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-июнда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29, Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +23…+28, Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +26…+31, Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29, Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26, Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27…+32 градус болот.