Abank
SerepTV Logo

23-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

23-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 23-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1; Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1; Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3; Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -7…-12; Бишкек шаарында 23-декабрга караган түнү кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…+1 градус болот.