Бүгүн жана эртең тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн
23-24-майда жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон ашуулар:
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында Чон-Ашуу ашуусу;
Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында Сөөк ашуусу.
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/td7/1.5/16/2757.png" alt="❗" width="16" height="16" /> Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.