Abank
SerepTV Logo

22-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16; Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндуз +11…+16 градус болот. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 градус жылуу болот.