Abank
SerepTV Logo

22-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

22-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 22-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарында жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектериндеги райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11; Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10; Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5; Бишкекте 22-ноябрда жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +9…+11 градус болот.