Abank
SerepTV Logo

22-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи жарымында Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган жердерде жаан жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн үшүк жүрөт, +3…+8, күндүз +16…+21, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +8…+13. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +15…+20 градус жылуу болот.