Abank
SerepTV Logo

22-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-майда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27, Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22. Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.