Abank
SerepTV Logo

22-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абнын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32, Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33, Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27, Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.