Abank
SerepTV Logo

22-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы

22-декабрга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 22-декабрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1; Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5; Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5; Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9; Бишкек шаарында мезгил-мегили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 0…-2 градус болот.